Кара-Кулжа районундагы жайлоодо адашып калган эки өспүрүм табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде түнкү саат 22:50 чамасында милицияга эки өспүрүм балдар Кызыл-Таш жайлоосуна бара жатып катуу жааган жаандан улам адашып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери издөө иштерине чыгышкан.
"Кызматкерлер жайлоого түнкү саат 00:00 чамасында жетип барышып, эки өспүрүмдү издеп табышкан. Өспүрүмдөр ата-энеси менен жайлоого кой айдап көчүп бара жатышып, ата-энеси узап кеткендигин, ал ортодо жүк артылган эшектери менен артта калып, жаан катуу жаап киргендиктен жолдон адашып кетишкендигин айтышкан", - деп айтылат маалыматта.
Алар Ылай-Талаа айыл аймагынын 2015-жылы туулган А.А. жана 2017-жылы туулган Р.Б. аттуу өспүрүмдөрү экендиги аныкталган.
Ошондой эле маалыматта балдарга тамак-аш берилип, кийимдери кургатылып, туугандарына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.