Кыргызстандын окуучулары Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International “Advanced Tournament in Informatics– John Atanasoff”) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
18-20-апрелде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15 жаштан жогорулар) жана Junior (15 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышкан.
1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу (Senior),
2. Али Арапов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу (Junior),
3. Абдуллахан Абдирасулов, Ош “Сема” лицейинин, 8-классынын окуучуcу (Junior),
4. Рамазан Маннанов, Кадамжай “Семетей” лицейинин 8-классынын окуучусу (Junior).
Коло медаль алгандар:
5. Эмил Талыпов, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу (Senior),
6. Санжар Садирбеков, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучуcу (Senior),
7. Нурислам Карыпжанов, “Манас ата” Талас лицейинин 9-классынын окуучуcу (Junior).
Команданын лидерлери жана машыктыруучулары - Кылычбек Урайымов, Медербек Осмонов, Артем Беляев, Мирбек Бакиров, Талант Арстанов, Зиядхон Атаходжаев, Бексултан Алмазбеков.