Катаал шарттагы айылдарда төрөлгөн балдарга жөлөк пул чегерүү мыйзамы үчүнчү окууда жактырылды

Бүгүн, 23-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында катаал шарттагы айылдарда төрөлгөн балдарга жөлөк пул чегерүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Камила Талиева менен Марлен Маматалиев демилгелеген. Ага ылайык, бийик тоолуу аймакта, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөдө төрөлгөн 3-баладан тартып 3 жашка чейин ай сайын жөлөк пул берүү каралган. Жөлөк пулдун суммасы кеминде 5000 сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.
Талиева былтыр 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө карылардын саны өсүп, жаштар азайып жатканын айтып, “Алтын бала” программасын иштеп чыгып, мыйзам долбоорун жазганын билдирген.
Белгилей кетсек, учурда жөлөк пул муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына гана чегерилет. Бул аймактагылар дагы ошол тартип менен алып келишкен. Башкача айтканда, катаал шарттагы аймактарда кирешеси жетиштүү делгендердин балдарына жөлөк пул берилген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан