Альпинист Эдуард Кубатов Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Өлкөнүн Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Илим Карыпбеков Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Кубатов Гиннесстин рекорддор китебине Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам катары катталган.

"Менде биздин мекендешибиз Эдуард Кубатов жөнүндө мыкты жаңылык! Бул жаңылыкты Эдуард байке өзү биле элек. Менин билгениме 3 эле күн болду. Бирок Эдуард Жумакадырович ротацияга чыгып кеткени үчүн кайтып келгиче күтүп турайын дедим эле. Азыр байке түшүп келип, базада эс алып жатат. Анда эмесе жаңылык мындай - жакында эле Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна - 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды. Байке, куттуктайм! Дүйнө рекордунун ээси болуп планетада бир ууч эле адам таанылат. Сиз ошонун бири болуп калдыңыз!" - деп жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан