Үзүр Жусупбеков Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, балбан 97 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган.

Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырды. Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна онунчу лицензияны алып келди.

Белгилей кетсек, буга чейин ата мекендик спортчулар Олимпиада оюндарына 9 жолдомо уткан. Анын ичинен сегизи күрөштүн түрлөрү боюнча, бирөө сууда сүзүүдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан