Биз социалдык тармакта

Сузактагы кырсык: Бишкекте дарыланып жаткан балдарга уюлдук телефон берилди

Сузактагы кырсыкта жаракат алган 10 бала Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында дарыланууда. Алардан кечээ, 13-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев кабар алды.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, анда алар балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле балдардын заманбап маалымат билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыз кылуу максатында ар бир балага уюлдук телефондорду белекке беришкени маалымдалды.

Эске салсак, Сузактагы кырсык 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинген. Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.

Бүгүн, 14-майда президенттик администрациядан окуянын чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылганын кабарлашты. Анда тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылып, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан