Сузактагы кырсык: Окуяны иликтеген комиссиянын иши аягына чыкты

Сузак районунун Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чара учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Бүгүн, 14-майда берилген маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.

"Атап айтканда, облустук, ошондой эле райондук ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тийиштүү мамиле жасалбагандыгына жол берилген. Муну менен катар билим берүү мекемелеринин жооптуу адамдары райондук жана облустук администрациялар менен өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү да аныкталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери “Урааным Манас” сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эмес сыяктуу айрым фактылар белгиленген.

Иш-чараны уюштуруу маселелери 1-майдан 5-майга чейинки күндөр расмий эс алуу күндөрү болгону үчүн татаалдашкан. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди үстүртөн - телефон аркылуу тараткан.

Иш-чарага райондогу 2878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эки гана жол коопсуздугун камсыздоо инспектору тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.

Бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды. Анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлдү.

Эске салсак, Сузактагы кырсык 2-май күнү Катмы жайлоосунда болгон. Анда "Манас" айтып жаткан балдарды Porter үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Алардын ичинен абалы оор деп бааланган 10 бала атайын борт менен Бишкекке алып келинген.

Бүгүнкү күндө төрт балага жаак жана баш сөөк сыныгынан операция жасалган. Алардын абалы жакшы деп баалангандыктан жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Ал эми Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан тогуз баланын да абалы жакшы экени айтылган. Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан