Фотоальбом. Иса Өмүркуловдун тоголок жүздүү улан кезинен кыздарды караткан кең далылуу жигитке чейин сүрөттөрү

Чыгармачылыктан оолактап кеткен ырчы Иса Өмүркулов учурда жеке ишкердик менен алектенип келет. Ноябрь айынын соңунда ырчы Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эсеп төлөбөй койгон деген маалымат тараган. Бул окуя боюнча Иса азырынча комментарий бербей турганын билдирген. Бүгүн Иса Өмүркуловдун сахнага кадам таштаган кезинен бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн топтоону чечтик.

Ырчы 1995-жылы 25-июнда Чүй облусунун Сары-Булак айылында төрөлгөн. 1-класстан 8-класска чейин Бишкек хореографиялык училищеде окуган. Андан кийин №40 мектепти аяктаган.







Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетине тапшырган. 2005-жылы 10 жашында “Ачык көңүл балдарбыз” деген сынакта биринчи орунду, 2006-жылы “Сыйкырдуу өлкө” деген сынакта баш байгеге ээ болгон.


Окуучу кезинде эле сахнага чыга баштаган. 2005-жылы 10 жашында "Ачык көңүл балдарбыз" деген сынакта биринчи орунга илинип, 2 миң сом алган. 2006-жылы "Сыйкырдуу өлкө" деген сынакта баш байгеге ээ болгон. Бул сынактын уюштуруучулары жеңүүчүгө бир клип тарттырып берген. Ошондо алгачкы "Ай, эжекем" деген ырына клип тартылган. Андан соң көп эле сынактардан алдыңкы орундарды багындырган.





13 жашында ырдоону токтоткон. Музыкадан сабак берген мугалимдер "азыр ырдасаң, үнүңдү бузуп аласың" деп кеңеш беришкен. Ошентип эки жыл чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Өткөөл мезгилден өткөндөн кийин клиптерди тарттырып, ыр жаздырып, чет өлкөлөргө чыга баштаган.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
heaven2016
2021-12-08 11:26:59
Кыргыздын Джастин Бибери
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан