Бүгүн, 4-февралда телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков 33 жашка толду. Ал 1988-жылы 4-февралда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында туулган. Эркин мырза туулган күнүн үй-бүлөсү менен чогуу белгилей турганын айтат.
"Бүгүн эң улуу Жыргал эжемдин да туулган күнү, ал 50 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Ошол жакка барып эки туулган күндү белгилейбиз", - деди ал.
Буга чейин алпаруучу эки бутун күйгүзүп алып, ооруканадан чыгып, үйүндө жаткан. Ал абалы жакшы экенин, эки күн мурда көчөгө чыгып баштаганын айтты.
Туулган күн ээсинин көпчүлүккө кызык болгон айрым сүрөттөрүн чогулттук. Анын кандай өзгөргөнүнө бирге көз чаптыралы.
Эркин Рыскулбеков 5 бир туугандын кичүүсү. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн бүтүргөн. Телевидениенин босогосун 2008-жылы аттаган. Ал эми 2014-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын ТВ персонасы" деп табылган.
4-февралдын жылнаамасы.