Акыйкатчы Бишкектеги окуя боюнча пикирин айтты

Бишкекте 18-майда болгон окуяга байланыштуу мамлекеттик органдар тез арада жана ар тараптуу чараларды көрүүгө тийиш. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин бүгүн, 21-майдагы жыйынында айтты.

Айтымында, учурда кырдаалды жөнгө салуу гана эмес, келечекте мындай окуяларга жол бербөө дагы керек.

"Акыйкатчы институту 17-майдан 18-майга караган түнү Бишкек шаарындагы жергиликтүү тургундар менен чет элдик студенттердин ортосунда болгон кырдаалды терең тынчсыздануу менен кабыл алды. Бул жаңжал боюнча мамлекеттик органдар тарабынан тез арада жана ар тараптуу чаралар көрүлүүгө тийиш деп эсептейбиз.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу гана эмес, келечекте ошондой окуяларга жол бербөө дагы керек. Бул окуя учурунда чет өлкөдөн келген студенттердин коопсуздугуна таасирин сөзсүз тийгизүүдө. Ошондуктан өлкөнүн бардык тургундары жана коноктору өздөрүн коопсуз сезе турган шарттарды түзүү үчүн өкмөт, укук коргоо органдары, билим берүү мекемелери жана коомчулук биргеликте иштеши керек деп эсептейбиз", - деп билдирди Жаманбаева.

Белгилей кетсек, комитет жыйынында Акыйкатчы институтунун Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча 2023-жылдагы баяндамасы талкууланып жатат.

Маалымат үчүн: 17-майда интернет желелеринде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде Бишкектеги Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Буга байланыштуу өлкөдөгү чет элдик студенттер бир жумага онлайн окууга өттү.

Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге чыгымды төлөп берүүнү карап жатат. Билим берүү министрлиги азыркы учурда Кыргызстанда 28 миң 800 чет өлкөлүк студент бар экенин билдирди. Мындан тышкары жатаканадан сырткары жеке батирлерде же хостелдерде жашаган чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу каралганы кошумчаланды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, мыйзамдын алдында баары бирдей экенин белгиледи. Ошондой эле ал карактоо аракетин кылган ээнбаштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол берилбей турганын кошумчалаган.

21.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан