Бишкекке Пакистандын тышкы иштер министри келди. Аны кантип тосуп алышты? (фото)

Кечээ, 21-майда Бишкекке Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар иш-сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Аны аэропорттон тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзү тосуп алды.

Мохаммад Исхак Дар өлкөдөгү медициналык мекемелерде дарыланып жаткан пакистандык жарандардан кабар алат. Мындан тышкары аны менен Министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуулары өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: 17-майда интернет желелеринде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде Бишкектеги Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Буга байланыштуу өлкөдөгү чет элдик студенттер бир жумага онлайн окууга өттү.

Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге чыгымды төлөп берүүнү карап жатат. Билим берүү министрлиги азыркы учурда Кыргызстанда 28 миң 800 чет өлкөлүк студент бар экенин билдирди. Мындан тышкары жатаканадан сырткары жеке батирлерде же хостелдерде жашаган чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу каралганы кошумчаланды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, мыйзамдын алдында баары бирдей экенин белгиледи. Ошондой эле ал карактоо аракетин кылган ээнбаштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол берилбей турганын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан