Жазаларды аткаруу кызматы: “Аскат Жетиген уулунун айткандары чындыкка дал келбейт”

Абактагы Аскат Жетиген уулуна карата эч кандай кыйноолор болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматта Жетиген уулунун айткандары чындыкка дал келбей турганы белгиленет.

Мындан сырткары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу сот учурунда айткан сөздөрүн төгүндөп, түшүнүк кат жазып бергенин кошумчалашты.

Эскерте кетсек, ушул эле күнү ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген сот отурумунда аны абакта күч кызматкерлери кыйноого алганын билдирген болчу. Анда акын 20-мартта кармалгандан кийин ток менен бир саат бою кыйнашканын, бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.

Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталууда.

Ага чейин акын 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан