1-июндан тарта Кыргызстанда "Учкун" ачык акционердик коомунда даярдалган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.
Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспорттордун биринчи партиясы алынган.
"Биринчи партиясы алынды. Буюрса, 1-июндан тарта жаңы үлгүдөгү паспортторду бере баштайбыз. Бул паспорттордун сапаты жакшы. Ошондой эле коргоо системасы да жакшыраак",- деди Кожомуратов.
Ага ылайык, "Учкунда" даярдалган паспорттордун жаңы үлгүсү депутаттарга көрсөтүлдү.