Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, жыйында жалпысынан 16 маселе каралды.
Анда Бишкектеги "Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун долбоору жактырылды.
Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 гектар жер участогу менен мамлекеттик менчикте турган административдик имаратты мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштурууга Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алынды.
Мындан тышкары “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын, Бишкек жылуулук электр борборун мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да жактырылды.
Ага ылайык, Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясы, Финансы министрлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте бир айдын ичинде өткөрүп алуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.
"Жыйында "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" токтомдун долбоору сунушталып, бир добуштан колдоого ээ болду.
Ага байланыштуу, 5 же андан көп жыл иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, жетекчиликке кадрларды тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.