Бир мандаттуу №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аялдар. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тартты. Эки талапкерди БШК каттаган эмес.
Свердлов округунан талапкерлер
Алардын ичинен №5 Ноокат округунан 9 талапкер (бирөө аял) ат салышууда, №29 Свердлов округунан 5 талапкер (бирөө аял) ал эми №36 Ысык-Көл округунан 15 талапкер депутаттыкка аттанды.
Ысык-Көл округунан талапкерлер
10-июндан тарта шайлоо алдындагы үгүт иштери башталып, ал 29-июнда эртең мененки саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо 30-июнда өтөт.
Эске салсак, Ноокат округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу менен Ысык-Көл округунан шайланган Максатбек Сарбагышев апрель айынын аяк ченинде өз каалоолору менен депутаттык мандатын тапшырып беришкен. Экөө тең мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгонун ачыктаган эмес.
Ал эми Свердлов округунан шайланган Шайлообек Атазов 7-майда мандатынан ажыраган.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.