Бүгүн, 13-июнда өлкөдө рублдун сомго карата наркы кескин өзгөрдү. Ага ылайык, саат 14:30га карата Бишкектеги коммерциялык банктарда рублду сатып алуу 92 тыйынга чейин барууда, ал эми сатуу 99 тыйын болууда.
Эртең менен саат 9:10го карата рублду сатып алуу 97 тыйынга чейин барып, 99 тыйынга чейин сатылып жатканы жазылган.
Улуттук банкта рублдун наркы 97 тыйын деп көрсөтүлөт.