Ошто ишкер айымдын бизнесине кимдин көзү түшүп жатат? Ал президентке кайрылды (видео)

Ош шаарында мейманкана ачып, чет мамлекеттен келген туристтерге бөлмө берип, жеке ишкердик кылып келе жаткан Мээргүл Каракозуеванын бизнесин, имартты көп жылга ижарага берген тараптар тартып алуу алдында турат. Бул туурасында жеке ишкер SUPER.KG порталына кайрылып, кенен маалымат берди.

Ишкердин айтымында, ал имаратты эч бир шарты жок, каралбай калган абалдан алып чыккан. Ага далай убактысы жана чоң өлчөмдөгү акча каражаты кеткендигин айтат. Майыптыгы болсо да 10 жылдан ашуун туризм багытына салым кошуп келе жаткан Мээргүл айым окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

“2027-жылга чейин келишим түзүлгөн, дагы төрт жыл иштетишим керек. Келишимди нотариустан күбөлөндүрүп коёлу десем, банктан 2019-жылы чоң суммадагы акчаны алып, имараттын документтерин койгон экен. Бүгүн, эртең деп убакыт өтүп, 2022-жылы банкта күрөөдө экенин билип калдым. Анан 2023-жылы мен банкка кат жазып, документтерине уруксат кагазын алганбыз. Аны алгандан кийин имарттын ээси сатам деп чыкты. 2021-жылдын май айынан тарта бир да күн кечиктирбестен ижара акысын төгүп келе жатам. Сотто ишибиз каралып жатат. Имаратка азыр кирүүгө тыюу салынган. Бирок ага карабастан алар кирип, мен алган буюмдарды бузуп, талкалап жатышат. Саттыкка коюп, кардардан акча да алып коюшкан. Ар бир коюлган кирпичке чейин санап бере алам, ак эмгегим кеткен, каражатым коротулган. Булар башынан эле мага оңдотуп, тартып алайын деген планда экен. Анткени башка жакта ушундай арт-отель иштетип жүргөндө өздөрү барып, үйрөт деп жадакалса ушул жерди ижарага бергенге ашыгышкан”, - деп сөзүн аяктады ишкер айым.

Имараттын ээси Шукурали Мадаминов экендиги айтылууда. Ал Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгын бир топ жылдар бою башкарып келеген. Мадаминов менен байланышканыбызда учурда эки тараптын пикир келишпестиги сот залында чечилүү алдында тургандыгын билдирди.

“Имарат аялымдыкы. Ал ишкер айым экөө бир жылдан бери соттошуп жатышат. Ортодон иштетебиз деген экен. Алар биргеликте чоң суммадагы кредит алып, төлөнбөй калгандыктан, жубайым имаратты сатып жиберген”, - деди ал.

Ал эми жергиликтүү бийлик бул жагдай боюнча маалыматы бар экендигин билдирди. Алар соттун ишине аралаша албай тургандыгын белгилеп, жеке ишкерге буга чейин жардам иретинде сунуштар айтылгандыгын кошумчалашты.

Жеке ишкердик кылып келе жаткан жалгыз бой эненин маселесине качан чекит коюлат аны убакыт жана соттун чечими көрсөтөт. Ал арада укугун коргоп берүүнү суранып Мээргүл Каракозуева президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Ошто жеке ишкер айымдын бизнесине кимдин көзү түшүп жатат? Ал президентке кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан