Сауд Арабиясында ажылык учурунда иорданиялык 14 зыяратчы каза болуп, 17си дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, катуу ысыктан кеминде алты зыяратчы каза болгон. Бүгүн, 17-июндун кечинде Меккеде абанын температурасы +47 градуска жете тургандыгын кабарлашкан. Сауд Арабиясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги абанын температурасы кескин көтөрүлөрүн эскертип, зыяратчыларды түштө төрт саатка көчөгө чыкпоону суранган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Меккеге ажылыкка 1 миллион 800 миң зыяратчы келгендиги маалымдалган. Быйыл ажылык 14-июнда башталып, 19-июнда аяктайт.