Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек мэриясына тапшырма берип, ал тапшырманы 31-августка чейин бүткөрүү керектигин айтты.
Социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө өлкө башчы шаарды эски жарнамалык такталардан тазалоону буйруду
"Бишкек шаарынын мэриясына тапшырма: Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге лед экрандарга алмаштыргыла.
Шаардын ичин иретке келтиргиле! Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым", - деп жазды Садыр Жапаров.