Меккеде ажылык учурунда 500дөн ашуун адам каза болгондугу айтылууда

Сауд Арабиясында ажылык учурунда кеминде 550 адам каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Белгиленгендей, Египеттин 323, Иорданиянын 60 жана Тунистин 23 зыяратчысы каза болгон.

Ал эми "Франс Пресс" агенттиги каза болгондордун саны 577ге жеткендигин жазган.

Кошумчалангандай, климаттын өзгөрүүсү ажылыкка баргандарга таасирин тийгизип жатат. Быйыл 17-июнда Мекке шаарындагы мечитте абанын температурасы +51,4 градуска жеткендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Сауд Арабиясында ажылык учурунда иорданиялык 14 зыяратчы каза болуп, 17си дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан