Ысык-Көл облусуна караштуу Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин эң жаш депутаты жана Ишен Тойчубеков атындагы Маданият үйүнүн жетекчиси, "Үмүт" спектаклинин режиссёру, сценаристи Жыргал Бозгунчиев мектеп окуучулары аткарган, айыл тургундарынын жүрөгүнөн орун алган спектакль тууралуу кененирээк айтып берди.
- Саламатсызбы? "Үмүт" спектакли тууралуу айтып берсеңиз? Кантип, кандайча жаралып калды эле?
- Саламтчылык. Интернет түйүндөрүнө кирсең аялзатын кордогон, зордогон жаңылыктарды көп окуйсуң, көрөсүң. Ушул себептен үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жаралган спектакль. Биз кандай ыкма менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк болот деп көпкө ойлондук. Ошол себептен “Үмүт” аттуу спектаклди жазып, өзүмдүн окуяларымдан, эл арасында болгон окуялардан топтоп ошолордун негизинде спектаклди иштеп чыктык. Спектаклдин жалпы убактысы 1,5 саатты түзөт.
-"Үмүт" спектаклин кайсы жактарга койдуңуздар?
- Спектаклди районубуздун 30 мектебине коюп чыктык. Ошондой эле чакыруулар менен Бишкектеги лицейлерге, аскер кызматкерлерине, медреселерге да койдук.
- Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
- Учурда эс алуудабыз. Бирок сентябрь айынан баштап спектаклибизди бүткүл Кыргызстанга жайылтсак деген чоң пландарыбыз бар. Негизи биз Инстаграм баракчабызды бир катталуучу менен ачканбыз. Учурда катталуучуларыбыздын да, көрөрмандарыбыздын да саны өсүүдө. Биздин бул спектаклибизди карапайым эл колдоп жатат. Анткени чыныгы окуядан алынганы үчүн элге аябай жакшы таасирин тийгизүүдө.
- "Үмүт" спектаклинин актёрлору тууралуу айтып берсеңиз?
- Ал эми актёрлор айылдардан эле топтолгон, 6, 8, 9, 11-класстын окуучулары аткарышат. Ошондой эле мектептеги агайыбыз башкы каармандын ролун ойнойт. Ал эми анын жубайынын ролун башталгыч класстын мугалими аткарат.
Маалымат үчүн: “Үмүт” спектаклинде Айгүл аттуу айымдын оор турмушу, анын адамдык укуктары жана балдарынын укуктары бузулгандыгы чагылдырылат. Айгүл эрте турмушка чыгып, турмуштун оор соккусуна туш болот. Ичкиликке берилген күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдап, балдарын атасыз калтырбайын деген тилек менен жашайт. Коомчулукта калыптанып калган стереотиптен, түшүнүктөн чочулап "эл эмне дейт, уят" деп, кайгысын жутуп, туңгуюкка кептелет.
Бирок Айгүлдүн турмушундагы кыйынчылыктар күчөгөндөн күчөй берет. Жолдошу арак ичкени аз келгенсип, кол көтөрө баштайт, жадакалса аялы тапкан акчага да кол салып ичкиликке жумшайт. Айгүл үйдүн арабасын өзү жалгыз тартат. Жашы жете элек баласы, кээде окуудан калып, апасына жардам берүү үчүн жумушка чыгат.
Мына ушундай сюжеттеги спектакль көптөгөн чакыруулар менен коштолуп жатканын айтат режиссёр.