Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө

Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Таң эрте добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, шайлоодо 61,5 миллиондон ашык жаран добуш берет. Бул үчүн 59 миңдей шайлоо тилкеси жана 15 миңдей мобилдик пункт иштеп жатат.

Буга чейин президенттик шайлоого төрт талапкер ат салыша тургандыгы белгилүү болгон. Талапкерлердин катарында парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф, Коопсуздук кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Пурмохаммади жана парламент депутаты Масуд Пезешкиан бар.

Эскерте кетсек, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-майда эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта ​​Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан