Гутерриштин Кыргызстанга сапары: климат, чек ара маселеси

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти. Ал 2-июлда Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү абалды талкуулашты.

Жолугушууда Садыр Жапаров соңку үч жылда экономикалык өнүгүү 7 пайызга жеткенин, бюджеттин эсебинен мектеп, социалдык объектилер курулуп жатканын, айлык акынын жогорулаганын айтты. Кыргызстан бүгүнкү күндө региондогу гидроэнергетика рыногунда таанылган лидерлердин бири экенин баса белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарды айтып өттү.

"Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттары программасында 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээлеп, олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Биз азыр 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген дымактуу максатты койгонбуз", - деди президент.

Антониу Гутерриш буга чейин Кыргызстанга бир нече жолу келгенин айтып, бирок учурдагыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи. Ал өз сөзүндө Садыр Жапаровго кайрылып, "мурун Кыргызстан уктап жаткан сулуудай болсо, азыр чапкан аттай баратат" деди.

Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук

Жолугушууда Садыр Жапаров бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы чечилгенин, ал эми Тажикстан менен тактоо иштери уланып жатканын айтты.

Өз кезегинде баш катчы коңшу мамлекеттер менен чек ара маселесин тынчтыкта чечип жаткандыгы үчүн Кыргызстанды “тынчтыктын символу” деп атады.

“Фергана өрөөнүндө эки жолу болдум, ал жердегидей мамлекеттик чек араларды көргөн эмесмин. Пазл сыяктуу көрүнөт. Маселени чечүү кандай оор экенин билем. Тажикстан менен болгон чек ара маселесин Өзбекстан менен болгондой дипломатиялык жол, тынчтык жолу менен чечилет деп ишенебиз. Чек ара маселеси болобу же башка маселе болобу, тынчтык орнотуу үчүн чоң аракеттерди жасап жатасыздар”, - деди Гутерриш.

Газа жана Украина маселеси көтөрүлдү

Жапаров менен Гутерриш Газадагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Мамлекет башчы Газа тилкесиндеги кырдаал жөнүндө айтып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча резолюциясынын кабыл алынышын колдоорун билдирди. Президент ошондой эле Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын кошумчалап, согуштун тезирээк бүтүшүн жактай турганын белгиледи.

Ал эми баш катчы Гутерриш Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип, ага чекит коюлушу керек деп эсептейт.

“Газадагы жаңжалга тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Ал жакта жаңжал Украинадагы окуядан кийин башталса да курмандыктардын саны эселеп көп болууда. Муну токтотуу зарыл. Украинада заманбап куралы бар эң күчтүү армиялардын ортосунда кагылыш жүрүп жатат. Газа тилкесинде андай эмес, бирок ал жакта көп өлүмгө жана чоң кыйроого алып келген системалуу түрдө бомбалоо бар. Биз тынчтык болот деп үмүттөнөбүз”, - деди Гутерриш.

Баш катчы өз сөзүндө Ливандын дагы бир Газага айланышына алып келе турган эскалацияга тынчсызданып жатканын кошумчалады.

БУУ атындагы чоку

Президент Жапаров өлкө ичинде тоолорду туруктуу өнүктүрүү, тоо экосистемаларын коргоо маселелерине токтолуп, соңку 50 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 16 пайызы ээрип кеткенин кошумчалады.

Гутерриш "Тоолорду коргоо боюнча" резолюцияны Кыргызстан алгачкылардан болуп демилгелегенин, анын арты менен резолюция кабыл алынганын белгиледи.

Муну менен катар өлкө башчы Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метрге жеткен аты жок чокуга “Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу” деген географиялык аталыш ыйгарылганын билдирип, Гутерришке сертификат тапшырды.

Садыр Жапаров бул чечим БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен мамилелерин чыңдоо максатында кабыл алынганын айтты.

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешининин мүчөсү болууга умтулуусу

Жолугушууда Жапаров Кыргызстан 2026-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга умтулуп жатканын билдирди.

“Филиппин өлкөсү буга чейин төрт жолу бул кеңешке мүчө болгон экен. Эми бешинчи ирет аракет кылууда. Бул маселенин тагдыры Нью-Йоркто чечилет. Нью-Йорк бизди колдоп, 2026-жылы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө шайланат деген үмүттөбүз”, - деди Садыр Жапаров.

Ал эми тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу өлкөнүн имижи үчүн маанилүү экенин белгиледи.

"Биз дүйнөлүк күн тартибине аралашып, ар кандай конфликттер, экономикалык кризистер, климаттык өзгөрүү жана башка бардык маанилүү иштерге катыша алабыз. Бул үчүн деңгээлибизди көрсөтүшүбүз керек. Бул келечектеги иш, бирок акырындык менен иш алып барып жатабыз. Биз кеңешке өтөбүзбү, жокпу, убакыт көрсөтөт", - деди министр.

Адам укуктары, сөз эркиндиги

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан