Пара алууга шектелип кармалган Чүй облустук сотунун 2 судьясын жоопко тартууга макулдук берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Соттор кеңеши билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ кеңеш жыйынга чогулуп, судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушун карашкан. Жыйынтыгында тиешелүү сунуш канааттандырылган жана кеңеш тарабынан судьяларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө президентке сунуш киргизилген.
Ошондой эле билдирүүдө кармалган соттор бир нече беренелер менен айыпталып жатканы белгиленген.
"К.У.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-пунктунда, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 41-беренесинин 2-пунктунда, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.
Ал эми А.Т.А. Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-пунктунда, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында, 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 41-беренесинин 4-пунктунда, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ Чүй облустук сотунун 2 судьясы УКМК таранынан кармалганы кабарланган.