АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп учурдагы президент Жо Байденге шайлоо алдындагы дебатты эрежесиз өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Мен абийирсиз Жо Байдендин компетенттүүлүгүнө жооп алдым. Келгиле, жаңы дебаттарды өткөрөлү, бирок бул жолу эрежелер жок болсун. Ар тараптуу талкуу, сахнада экөөбүз гана өлкөбүздүн келечегин талкуулайбыз", - деген Дональд Трамп.
Трамптын ою боюнча, мындай формат дагы да ийгиликтүү болот. Мында башкаруучусуз чыгып сүйлөп, демократиялык партиядан талапкерге курч суроолор болорун айткан.
Буга чейин Байден Трамп менен болгон алгачкы дебаттагы начар көрсөткүч деп баалап, уктап кала жаздаганын айткан эле.
Белгилей кетсек, 27-июнда Жо Байден жана Дональд Трамптын президенттик шайлоо алдындагы алгачкы дебаты болуп өткөн. Теледебатта тышкы саясат, ички экономика сыяктуу маселелер боюнча талашып-тартышып, бири-биринин жеке жашоосун айтышууга чейин барышкан.