Бүгүн, 9-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана "Temirov Live" долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда айып коюлган журналисттер көрсөтмө берип бүттү.
Бүгүнкү соттук жараянда айыпталуучулардын баары коюлган айыпты четке какты.
Кийинки соттук отурум 18-июлга белгиленди. Анда иштин материалдарын изилдөө башталып, журналисттик материалдар боюнча корутунду берген эксперттер суралат.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган.
Учурда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.
Иш Бишкектин Ленин райондук сотуна өтүп, ушул сотто каралып жатат.