Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пункту ачылат. Ага президент Жапаров кол койду

Кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу жөнүндө Тышкы иштер министрлиги менен Кытайдын элчилигинин ортосундагы алмашуу ноталары ратификацияланды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Алмашуу ноталарына 12-июнда Бишкек шаарында кол коюлуп, ал боюнча мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган. Анда кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу каралган.

"Ал өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде “Бир алкак - бир жол” долбооруна Кыргызстандын катышуусунун алкагында эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгына оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан