Биз социалдык тармакта

Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды

Кечээ, 11-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, борбор БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Япониянын элчилигинин колдоосу менен курулду.

"Анда шахмат, англис тили жана маалыматтык технологиялар (IT) боюнча ийримдер уюштурулуп, жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга жана жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул борбор жыл башынан бери өлкөдө пайдаланууга берилген сегизинчи жаштар борбору болуп саналат",- деп кошумчаланды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан