Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов мандатын тапшыргандан кийинки алгачкы билдирүүсүн социалдык тармактагы бюаракчасына жазды.
Билдирүүсүндө саясатчы бул аракетинин себептерин ачыктаган эмес.
"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу шайлоочуларым!
Кудайдын буйругу экен, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи, эки жолу ишеним көргөзүп шайлап берген №13 Сузак шайлоо округундагы эл журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошентсе да, жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса, эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт! Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм!
Сиздерди терең урматтоо менен Тазабек Икрамов", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-июлда БШК Тазабек Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде
токтоткон.