Астана шаарында жубайын кыйнап өлтүрүп соттолгон Куандык Бишимбаев күчөтүлгөн тартиптеги колонияга которулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Соттун өкүмүнө ылайык, соттолгон жаран күчөтүлгөн тартиптеги колонияга которулду. Аны менен бирге Жазык-аткаруу кодексинин 88-беренесине ылайык, соттолгондор жаза өтөө жайларына жөнөтүлүп жатканы маалымдалат анда.
Казакстандын кодексине ылайык, башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт.
Буга чейин Бишимбаев түзөтүү абагына келгенден кийин кандай жумушка орношо алары айтылган.
Эске салсак, 13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, сот мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.