Бүгүн, 25-июлда эртең менен Орусиянын Калуга облусунда Ми-28 аскердик тик учагы пландалган учуу учурунда кулап түшкөн. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянып ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кырсыктан экипаж курман болгон. Коргоо министрлиги тик учак Кленки айылына жакын жердеги токойго кулаганын билдирди. Кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам болгону айтылууда.
Жерде кыйроолор катталган жок. Учурда окуя болгон жерди Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн комиссиясы иликтеп жатат.
Орусияда соңку кездерде учак кыйроолору көбөйдү, муну көбүнчө Батыштын өлкөгө тетиктерди жеткирүүгө тыюу салган санкциялары менен байланыштырышат.
22-июлда Орусиянын Саха Республикасында (Якутия) Робинсон тик учагы кулап түшкөн. 12-июлда "Сухой Супержет 100" учагы Москва облусунун Коломенский районунда кулап түшкөн.