Кыргызстан жарым жылда табият кырсыктарынан 2 миллиард сомдой зыян тартты

Кыргызстан 2024-жылдын 6 айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Ош шаарындагы жана Базар-Коргон районундагы акыркы сел каптоолорду эске албаганда, келтирилген чыгым 1,1 миллиард сомго жеткен. Бул сумма соңку күндөрдөгү селдин эсебинен дагы көбөйөт. Ушул тапта Ош, Жалал-Абад облустарындагы зыяндын көлөмү такталууда.

Ал жыл башынан бери сел кырсыгынан жабыркаган объектилер тууралуу айтып берди. Жыл башынан бери өлкөдө жалпысынан 311 сел кырсыгы катталган, бул былтыркыга салыштырмалуу абдан көп.

Анын маалыматына караганда, 4 551 турак жайды, 68 социалдык объектини, 568 гектар айдоо аянтын жана 404 чакырым унаа жолун сел суулары каптаган. Ошондой эле 869 мал-жандыкты, 69 көпүрөнү жана 87 унааны агызган. 76 үй авариялык абалда болсо, 86 үй оңдоого муктаж.

Тилекке каршы, сел жыл башынан бери 22 адамдын (Ош облусунда 15, Ош шаарында 5, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден адам) өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан