Москвада Toyota Land Cruiser унаасын жардырганга шектүү Түркиядан Орусияга жеткирилди

Москванын түндүгүндө Toyota Land Cruiser унаасын ичиндеги адамдары менен кошо жардырганга шектүү Евгений Серебряков Түркиядан Москвага жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

"Бүгүн Серебряков тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Орусияга алынып келинип, Тергөө комитетинин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналына.

Ал 24-июлда Бодрумда кармалган. Серебряков 1995-жылы туулган, Волгоград облусунун тургуну.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда эртең менен Москванын Синявинская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда унаа жарылып, анын кесепетинен эки адам жабыркаган.

Көп өтпөй унаада орус армиясынын офицери Андрей Т. аялы менен болгону такталган. Жарылуудан кийин анын буту жулунуп кеткен. Жубайлар оор абалда ооруканада жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан