Бишкек мэриясы 44 мектепте сабактар 07:30да башталарын айтты 

Жаңы окуу жылында Бишкектеги 44 мектепте сабактар саат 07:30да башталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 миң 129 балага билим берет.

"Анын 14үндө окуу 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт, дагы 14 мектепте сабактар саат 07:30да башталат. Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы 30 мектепте 07:30дан баштап окутуу пландалууда.

Ошентип иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42 пайызы эртең мененки саат 07:30дан баштап окууга өткөрүлөт", - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле Бишкек мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандар айыпка жыгыларын эскертет.

Мындай чечим шаардагы жол тыгынды жоюу максатында кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан