Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков менен анын агасы Тариэл Сабырбековдун баш коргоо чаралары каралып, алар 3-октябрга чейин камакта калтырылды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан SUPER.KG порталына билдиришкендей, алардын баш коргоо чарасы 30-июлда каралган.
Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттары Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 5-июлда кармалганын жазып чыгышкан.
Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастаган.
Көп өтпөй Афтандил Сабырбековдун агасы да кармалганы белгилүү болгон.