Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы бүгүн, 2-августта билдирди.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Жумаев буга чейин Талас шаарынын мэри кызматын аркалап келген.