Кыргызстанда бир апта аралыгында бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Алсак, 31-июлда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал аталган кызматка 2023-жылы март айында дайындалган болчу.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, 2-августта Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жумаев буга чейин Талас шаарынын мэри кызматын аркалап келген эле.
Ушул эле күнү Мирбек Расулов башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Расулов 2023-жылдын 14-декабрынан тартып аталган кызматта иштеп келген.