"Нобель" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 84 жаштагы Мухаммад Юнус Бангладештин убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бангладештин президенти Мохаммед Шахабуддин парламентти таркатып, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Мохаммад Юнусту убактылуу өкмөттүн башчысы кылып дайындады", - деп айтылат маалыматта.
Бул чечим президент Шахабуддин менен үч кызматтын жетекчилеринин жана Бангабхабандагы (президент сарайы) дискриминацияга каршы студенттик кыймылдын 13 адамдан турган делегациясынын жолугушуусунда кабыл алынды. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз кызматы кечээ, 6-августта кечинде билдирген.
Эске салсак, Бангладештин мурдагы премьер-министри Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал Индияда экени, Англиядан башпаанек сурап кайрылганы айтылууда. Июль айында тутанган нааразылык акцияларында 300дөн ашуун адам каза болгон.