Пара алууга шек саналып жаткан Кара-Суунун акими кызматтан алынды  

Ири өлчөмдө пара алууга шек саналып жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ушул эле күнү Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалып, эмгек жамаатына тааныштырылды.

Белгилей кетсек, УКМК 26-июлда Темирболот Абыкеев айыл өкмөт башчыларынын биринен көп суммада пара алууга шек саналып жатканын кабарлаган.

Ош шаардык соту 23-июлда анын бөгөт чарасын карап, 16-сентябрга чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан