Бүгүн, 13-августта Бишкектеги Эски аянтта Париж олимпиадасынан келген спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышып, спортчуларга унаа жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Олимпиадада күмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулун күйөрмандары мамлекет белекке берген унаага чейин көтөрүп алып барышты.
Ошондой эле алар спортчу менен сүрөткө түшүп, каалоо-тилектерин айтты.