Борбордук шайлоо комиссиясы Мейкинбек Абдалиевди депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Абдалиевдин өзү жазган арызынын негизинде кабыл алынган.
Анын мындай кадамга барган себеби айтылган жок.
Мейкинбек Абдалиев “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп келген.