Илимдер академиясынын башчысы өлкөдөгү селдин негизги кесепеттерин белгиледи

Идимдер академиясынын башчысы Канат Абдрахматов Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынын кайталанышы дарактардын кыйылып, токойлордун жок болуп бара жаткандыгы менен байланыштырды. Мындай оюн ал бүгүн, 19-августта өзүнүн социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө айткан.

Ал селдин агымын токтотуп калууга талаадагы өсүмдүктөр жана токойлор гана жардам бере ала тургандыгын баса белгилеген.

Мындан бир нече жыл мурун, 2012-жылы республиканын аймактарын сел каптаган. Алардын саны 200гө жеткен. Ошол окуялар жаратылышка зыян келтирүүчү туура эмес кадамдар болуп жаткандыгынын алгачкы коңгуроосу болчу.

Интернет сайттарды, телеберүүлөрдү, гезит беттерин солкулдатып жаткан бүгүнкү сел ошол эле окуянын уландысы. Королдукта эч нерсе өзгөргөн жок.

Климат өзгөрүп турат, ал тоолуу шарттарда нөшөрлүү жаан-чачындын узакка созулушу менен эле байкалууда.

Биздин айыл-кыштактарыбызда жана шаарларыбызда чарбалык иштердин ирети жок. Маселен, айылдарга жакын жерде мал жаюу эч кандай эреже менен жөнгө салынбайт, бул жер кыртышын катуу эрозияга алып келди. Өсүмдүктөр жок эңкейиштерде жаан-чачын токтобой, жөн эле өрөөндөргө агып кетет. Өрттүн кесепетинен токойлор кыйылып, жок болуп кеткен! Агымды кармай турган жайылма токойлор чабылып, эс алуучу жайларга айланган. Ошол эле суу баскан жерлерге турак-жай жана башка имараттар курулуп жатат.

Курулушка уруксат берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупция жоюла элек. Жыйынтыгын бүгүн Ысык-Көлдө көрүп жатабыз!” - деп калтырган ал өз билдирүүсүндө.

Айта кетсек, кечээ, 18-августта саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган. Үч районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жабылган каттамдар бүгүн, 19-августта жанданды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан