Мандатын тапшырган Мейкинбек Абдалиевдин ордуна жаңы депутат келди  

Депутаттык мандатын тапшырган Мейкинбек Абдалиевдин ордуна “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан кийинки тизмеде турган талапкер Арсланбек Эгембердиев депутат болуп келди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 19-августта жаңы депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Белгилей кетсек, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан шайланып келген Мейкинбек Абдалиев өзү жазган арыздын негизинде мандатын тапшырган. Абдалиевдин мындай чечиминин себеби айтылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан