Бүгүн, 20-августта таң эрте Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 681 адам, 59 атайын техника чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.Айта кетсек,18-августта саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган. Үч районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жабылган каттамдар кечээ, 19-августта жанданды.