"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди. Маалыматты райондук соттон да тастыкташты.
Ага ылайык, Ташов Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери менен айыпталууда.
Баштапкы соттук отурум эртең, 23-август, саат 15:30га белгиленди. Сотко судья Чыңгызбек Бердимуратов төрагалык кылат.
Эске салсак, Ташовдун 23-апрелде Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганы маалымдалган.
Буга чейин, тагыраагы, 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыялаган болчу.
Маалымат үчүн: Былтыр 27-октябрда Имамидин Ташовдун кармалганын УКМК кабарлаган. Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган.
8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.
2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.