УКМК эл аралык издөө жарыялаган экс-депутат Нургазы Айдаров ким болгон?

Бүгүн, 23-августта УКМК Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыялады. Атайын кызмат аны эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде "Салимбай байбача" лакап аты менен белгилүү болгон Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылоого айыптоодо.

Нургазы Айдаров 1966-жылы 16-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1986-жылы Ош комбинатында баштаган. 1988-1989-жылдары комсомолдун Ош шаардык комитетинин бөлүм башчысы болуп иштеген. 1989-жылы Кара-Суу райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган.

1992-жылы Оштогу «Рембыт-техника» комбинатынын директорунун орун басары. 1992-1997-жылдары - «Казакстан-Кыргызстан» биргелешкен ишканасынын башкы директору. 1997-жылдан тарта «Экспорт Астык» биргелешкен ишканасынын филиалынын директору.

  • 2003 - 2005 - ПКК "Си-Бу" ЖЧКсынын вице-президенти;
  • 2005 - 2007 - Ага Хан фондунун аймактык менеджери;
  • 2000-2005-жылдары Ош облусунун бир мандаттуу №29 Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты;
  • 2010-2015-жылдары - “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты;
  • 2020-жылдын 20-июнунан тарта Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты.

Кыргыз Республикасынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2008-жылы "Ардак" медалы менен сыйланган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Салайдин Айдаровдун бир тууган агасы.

Белгилей кетсек, 8-августта УКМК анын иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаровду кармаганы маалым болгон.

Октябрь райондук соту аны 4-сентябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Салайдин Айдаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган.

УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган Жалил Атамбаевди да кармаганы маалым болгон. Ал дагы 4-сентябрга чейин камакка алынып, тергөө абагына киргизилген.

2018-жылы Салим Абдувалиев менен кыргызстандык экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев түшкөн делген видео тарап, кызуу талкууга алынган.

Тасмада Жогорку Кеӊештин 3 жолку депутаты Нургазы Айдаров менен Ош облусундагы таасирдүү ишкер Жалил Атамбаев "Салим байбачаны" ортого коюп алып ага ыраазычылык билдирип, аны "Кыргыздын тиреги" деп айткандарын угууга болот.

Ал видеого улай эле интернетке Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тараган. Ал сүрөттөн Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровду жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовду көрүүгө болот.

Салайдин Айдаров ал сүрөт 2014-жылы Өзбекстанда спортко байланыштуу иш-чарада тартылганын билдирген.

Салим Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан