Париж соту Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровду дагы 48 саатка камады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, жалпы камалуу мөөнөтү 96 саат болот. Сот учурда аны бошотуу же камоо чараларын карап жатат.
“Теориялык жактан алганда, соттун чечими чыкканча өзгөчө оор кылымыштарда (баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризм) камоо 6 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Сотко алып келүү зарыл болсо, криминалдык милициянын имаратында дагы 20 саатка чейин камоо мөөнөтү кошулат”, - деп кошумчаланган маалыматта.
Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге кечки тамактануу үчүн эле барган. "Анын издөөдө жүргөнүн өзү билген" деп маалымдаган Телеграм канал.
Айта кетсек, Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү 12-июнда Ысык-Көлгө да келип кеткен. Ал жергиликтүү PR-менеджерлери менен жолугуп, анда Телеграм тиркемесинин ишин жакшыртуу жолдору талкууланганын билдирген.