Павел Дуровго "Нобель" сыйлыгын ыйгаруу сунушталды

Евразия эл аралык университетинин ректору Константин Клименко Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровду "Нобель" сыйлыгына көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Клименко бул демилге тууралуу өзүнүн Телеграм каналында билдирген.

"Жеке өзүм Павел Дуровду санариптик технология доорунун лидери деп эсептейм. Менин оюмча, ал бул сыйлыкка татыктуу. Ошондуктан Павел Дуровго "Нобель" сыйлыгын ыйгаруу боюнча аталган сыйлыкты тапшыруучуларга расмий сунуш жөнөттүм", - деп жазган ал.

Ошондой эле, анын айтымында, бул идеяны Азия жана Африка өлкөлөрүнүн бир катар университеттери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү буга чейин колдоого алышкан.

Эскерте кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге кечки тамактануу үчүн барганы айтылган.

Айта кетсек, Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү 12-июнда Ысык-Көлгө да келип кеткен. Ал жергиликтүү PR-менеджерлери менен жолугуп, анда Телеграм тиркемесинин ишин жакшыртуу жолдору талкууланганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан