Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун агасы Николай Дуровго Францияда издөө жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, бир туугандарды камакка алуу ордерин 25-мартта Франциянын соту чыгарган. Николай Дуровго жашы жете электердин порнографиялык сүрөттөрүн сактап, аны таратууга катышкан деген айып коюлууда.
Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге Азербайжандан жеке бизнес учагы менен учуп келгени маалымдалган.
Париж прокуратурасы Павел Дуровду 12 кылмышка айыптап жатат.