Париж прокуратурасы Павел Дуров 12 кылмышка шектелип жатканын билдирди

Париж прокуратурасы Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип, суракка алынып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дуров төмөнкү иштерге шектелип жатат:

  • уюшкан кылмыштуу топтун акчасын адалдоо;
  • кылмыш жасоо максатында уюшкан кылмыштуу топ түзүү;
  • криптографиялык жабдууларды мыйзамсыз берүү менен ар кыл кызматтарды көрсөтүү;
  • мыйзамсыз которууларды жүргүзүүгө шарт түзгөн онлайн-платформаларды уюштуруу;
  • жашы жете электердин порнографиялык сүрөттөрүн сактоо жана таратуу;
  • маңзат таратууга жана сактоого катышуу;
  • уюшкан кылмыштуу топ аркылуу алдамчылыкка катышуу;
  • тергөөгө керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартуу.

Ошондой эле ал автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыккан системаны бузууга, ага кире турган жана ылайыкташтырылган жабдууларды, программаларды же маалыматтарды башкаларга мыйзамсыз берүүгө да шектелүүдө.

Ишкер 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылат.

Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге Азербайжандан жеке бизнес учагы менен учуп келгени маалымдалган.

Айта кетсек, Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү 12-июнда Ысык-Көлгө да келип кеткен. Ал жергиликтүү PR-менежерлери менен жолугуп, анда Телеграм тиркемесинин ишин жакшыртуу жолдору талкууланганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан